Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:53

Кыргызстанга келчү 72 миң тонна ветеринардык дары-дармек Орусияда кармалып турат


Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин ветеринардык дары-дармектерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Мырзабеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда 72 миң тонна ветеринардык дары-дармек Бельгиядан Кыргызстанга келмек.

- Айрым дарылардын уруксат кагазы алынбай калган экен. Ушул себептүү Орусиянын тиешелүү кызматы кармап турат. Бул маселе бүгүн-эртең чечилип калат, - деди Мырзабеков.

18-августта Орусиянын Твер жана Псков облустарынын чек ара жана ветерианрдык кызматы дары-дармектердин сапат сертификаты, ЕАЭБ уруксат кагазы жана товарды коштоп жүрүүчү документтери жок экенин билдирген.

Кыргызстан ЕАЭБге кирген 12-августтан бери биримдик тышынан дары-дармектер келе элек. Аталган товарларга ЕАЭБ бирдиктүү бажы төлөмү алынат.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG