Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Абактагы тажик саясатчысы интервьюдан кийин четки түрмөгө которулду


Абактагы тажик саясатчысы “Азаттык” радиосуна интервью бергенден кийин алыскы түрмөгө которулду. Бул жөнүндө Тажикстан демократиялык партиясынын мурдагы төрагасы Махмадрузи Искандаровдун бир тууганы Аббосиддин Хомидов билдирди. Ал өткөн аптада өлкөдөгү жарандык согушка чекит койгон тынчтык келишими тууралуу “Азаттыкка” интервью берген.

Жаза өтөөчү жайлар башкармалагы Искандаров Душанбедеги түрмөдөн Гисар өрөөнүндөгү абак жайга которулганын тастыктап, башка комментарий бербеди. Искандаров 2005-жылы мыйзамсыз курал сактаган, адам өлтүрмөк болгон жана кызматынан кыянат пайдаланган деп айыпталып, 23 жылга кесилген. Ал өзү саясый себептен улам соттолгонун ырастап келатат.

1992 - 1997-жылдардагы Тажикстандагы жарандык кагылышта 50 миң адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG