Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Партиялык коррупциянын анатомиясы...


Иллюстрация
Иллюстрация

Саясий партиялар үгүт өнөктүгүн жүргүзүшү үчүн акча керек. Партиялар ал акчаны тизменин алдыңкы сабына кирген талапкерлерден жыйнашат. Бул өз кезегинде партиялардын ал орундарды ири суммада акчага сатышына жол ачат. Мына ошентип кыргыз бийлиги беш жылда бир жаңыланып жатканда эле коррупция менен ууланып төрөлөт.

Кайсы өлкө болбосун шайлоо өнөктүгү каражатты талап кылат. Анын ичинде Кыргызстанда деле ошондой. Ал эмес, демократиянын атасы аталган Кошмо Штаттарда президенттикке талапкерлер шайлоо фондуна канча каражат топтой алары боюнча бейрасмий жарыш жүрөт.

Бирок Кыргызстанда акча маселеси шайлоочулардын укугун бузуп, каалаган талапкерине добуш берүү мүмкүнчүлүгүн чектөөдө. Анткени тизмени көпчүлүк партия лидерлери талапкерлердин капчыгына жараша түзөт.

Буга чейин коомчулукка саясий көз карашы, билими, жарандык позициясы белгисиз ысымдардын абройлуу деп эсептелген партиялардын биринчи ондугунда, андан кийинки өтүүчү орундарда туруп калышынын сыры мына ушул жакта жатат. Ал алдыңкы орундар бери дегенде 300 миң долларга сатылат. Ошондуктан коомчулукта партияларда буга чейин белгисиз адамдар алдыңкы катарда туруп калган болсо, орунду партия лидеринен сатып алды деген сөздөр желдей жортуп жүрөт.

Белгилүү мамлекеттик аткаминерлер деле алдыңкы орундарга өзүнүн 300 миң доллар үлүшү менен кирет. Алар мындай суммадагы акчаны айлык акысын үнөмдөө менен топтой албасы бештен белгилүү. Анткени алар өмүр бою айлыгын жебей чогултса да, анча суммада акча топтой албайт.

Партия лидерлерине берилген бул акчалар эч кандай көзөмөлгө алынбайт. Анткени алар колмо-кол берилип, партия лидерлеринин каалоосуна жараша бөлүштүрүлөт. Ошондуктан саясий коррупция талапкерлер тизмелеринен, демек, парламенттин, бийликтин түптөлүү башатынан башталат.

Мындай коррупция Кыргызстанда азыркы кезде абдан күчөп, жемкорлуктун жалпы мамлекетке жайылуусуна алып келүүдө. Себеп дегенде, мандатты партия лидеринен сатып алган депутат парламентке келип, сарптаган акчасын кайтарып алууга умтулат. Анын жолу - өкмөткө, башка маанилүү мамлекеттик органдардагы кызматтарга бара турган адамдардан пара талап кылуу. Ошону менен баш-аягы туташкан коррупциялык схема жаралат. Бул схема Сотторду тандоо кеңешиндеги коррупциялык жаңжалдар менен коомчулукка кашкая көрүнгөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина "кызым судья болушу үчүн Сотторду тандоо кеңеши 30 миң доллар сурады" деп билдирип чыккан эле...

“Коомдук талдоо институтунун” жетекчиси Рита Карасартова мындай система мамлекетти жокко чыгарат деди:

- Американын президенти айткан жери бар, мамлекеттик башкарууда бизнесмендер болбошу керек деп. Сен же ишкерлик менен алек болушуң керек же мамлекеттик кызматта болушуң керек. Бизде бизнесиң жакшы жүрүшү үчүн сөзсүз түрдө мамлекеттик кызматка барышың керек деген болуп атат. Анткени азыркы кезде депутаттык жөн эле өкүлчүлүк орган эмес. Бул система Кыргызстанды жогото турган система.

Рита Карасартова партия лидерлерине акча көмүскө түрдө берилип жаткандыктан, анын кайсы бөлүгү шайлоо өнөктүгүнө, кайсы бөлүгү жеке чөнтөккө кеткенин текшерүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев партиялар ичинде өрчүп жаткан саясий коррупцияны ооздуктоонун жолу катары бир мандаттуу округдардан шайлоого өтүүнү көрөт:

- Мунун бир гана жолу бар - кайрадан бир мандаттуу округдардан шайлоого кайрылып келүү. Азыркы кезде партиялык тизме деп, мындай система жергиликтүү кеңешке чейин тарап кетти. Бул адаттан биз, тилекке каршы, арыла албайбыз. Анткени партияларды каржылоочу эч ким жок. Партияларда каражат жетишсиз. Мурун бир мандаттуу округ болгондо талапкерлер өздөрүнүн каражатын өздөрүнө жумшап, шайлоого барчу. Бүгүн партия лидерлерине акчаны өткөрүп берет. Анын канчасы жумшалат, канчасы калат мунун баары белгисиз. Анткени ал иштер көмүскөдө жасалат.

Акылбек Сариев бул тенденция күчөп, ал партия лидерлеринин байлык табуусунун жана бийликке келүүсүнүн жолу болуп калганын кошумчалады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жакында эле Оштогу жолугушуусунда мындай саясий коррупциянын бардыгын кыйыр түрдө тастыктап, аны жоюу үчүн шайлоо системасын өзгөртүүнү жактаган. Бирок тилекке каршы, азыркы кезде Кыргызстандагы партияларда саясий коррупция гүлдөп, ал жалпы мамлекеттик системаны ууландырып жатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG