Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Ош мэриясы Аманбаева иштетип жүргөн жерди мамлекетке кайтара албай жатат


Ош мэриясы акыркы алты ай ичинде мыйзамсыз менчиктештирилген 24 мүлктү мамлекетке кайтарганын жарыялады. Анын ичинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урмат Аманбаевага таандык экени айтылган муз тебүүчү жай да бар. Бирок мэриянын маалыматына караганда, ал жер банктан алынган насыяга күрөөгө коюлгандыктан, сот аны толук кайтаруу боюнча чечим чыгара албайт. Муз аянты Ак-Буура дарыясынын боюндагы “Жеңиш” сейил багында жайгашкан. Мэрия ал жерди мамлекетке өткөрүп, кайра эле Аманбаевага ижарага берүүнү пландаган.

Аманбаева бул боюнча комментарий бере элек. (YI)

XS
SM
MD
LG