Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Эстония: Эстон Кохвер Орусияда мыйзамсыз кармалууда


19-августта Орусиянын Псков областык соту Эстониянын коопсуздук полициясынын офицери Эстон Кохверди шпиондук кылган деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты жана ага 100 миң рубль (13 000 доллар) жазана салды.

Эстония аткезчилик боюнча ишти изилдеп жүргөн Кохвер чек арага жакын жерде жашыруун булак менен кездешүүгө барганда уурдалып, Орусияга алып кетилгенин дагы кайталады. "Эстония жеринен Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын агенттери 2014-жылы 5-сентябрда уурдаган эстон офицерди Орусияда кармап туруу мыйзамсыз," - деп билдирди Эстониянын Москвадагы элчилигинин маалымат катчысы Регина Паланди-Пажи “Азаттыкка” берген интервьюда.

Премьер-министр Таави Рыйвастын айтышынча, Кохверди "мыйзамсыз кармоо - эл аралык мыйзамдар орой бузуу".

XS
SM
MD
LG