Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:32

Серепчилер шайлоодогу административдик ресурс маселесин талдашат


“Таза шайлоо” ассоциациясы бүгүн Бишкекте парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонууга жол бербөө боюнча талкуу өткөрөт. Тегерек үстөл “Парк отель” комплексинде болот. Аталган уюм быйылкы шайлоодо да бийликчил партияларды алга сүрөө аракеттери болушу мүмкүндүгүн белгилөөдө. Андан сырткары, шайлоочулар тизмесине байланыштуу маселени да дыкат көзөмөлгө алуу зарыл.

Буга чейин Башкы прокуратура шайлоону уюштурууда мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн атайын штаб түзгөн.

2011-жылкы президенттик шайлоодо көп адам тизмеден өзүн таппай калып, нааразылыктар болгон. Андан кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо да мыйзам нормалары толук сакталбаганын байкоочулар белгилеп келатышат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG