Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Оштогу мектепте жаңы окуу жылында радио жаңырат


Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-түрк достугу” атындагы таланттуу балдар мектебинде жаңы окуу жылында мектеп радиосу иштей баштайт. Бул тууралуу шаардык Билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Радио окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу, тарбия ишин жандандыруу жана мекенчилдикке тарбиялоо максатын көздөйт.

Күнүгө 15 мүнөттүк чоң тыныгуу учурунда обого чыкчу радио үн күчөткүчтөр аркылуу мектептеги бардык класстарда, ашканада, коридордо жана спорт залда жаңырмакчы. Берүүлөрдү директордун тарбия иштери боюнча орунбасарынын көзөмөлүндө окуучулар даярдашат. Алар кызыктуу жаңылыктар менен кошо куттуктоолорду жарыялап турушат. (SE)

XS
SM
MD
LG