Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

Райсот “Вечерний Бишкектин” 65% акциясын Рябушкиндин пайдасына чечти


Биринчи Май райондук соту Александр Рябушкиндин доо арызын канааттандырып, “Рубикон” фирмасынын 50%, “Вечерний Бишкек” басылмасынын 65% акциясын анын пайдасына чечти.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту “Вечерний Бишкек” Александр Рябушкинге кенемте иретинде 388 млн. сом төлөөнү милдеттендирген. Рябушкин аталган басылма сот чечимин аткарбай жатканын айтып, доону башка жол менен өндүрүп берүү боюнча кайрылган. Сот 18-августта басылма ээси Александр Кимдин эсебинде анча акча жок экенин эске алып, анын мүлктөрүн Рябушкиндин пайдасына чечти.

Александр Ким сот чечими мыйзамсыз экенин, мүлктөр эксперттик баа берилбей туруп доого чегерилгенин айтууда. Анын айтуусунда, басылманы тартып алуунун башында президент турат жана алар ушундай жол менен шайлоо алдында “Вечерний Бишкекти” өздөрүнө каратууну көздөп жатышат.

Эгер "Вечерний Бишкек" апелляциялык арыз жазбаса, сот чечими 10 күн ичинде күчүнө кирет.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG