Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

БШК: шайлоочулардын тизмеси илине баштады


Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын тизмесин жарыялоодо. Шайлоочулар тийиштүү участкаларга барып бүгүнкү күндөн баштап, өзүнүн аты-жөнү тизмеде бар экендиги тууралуу маалымат алса болорун БШК мүчөсү Нурмамат Ашымов “Азаттыкка” айтып берди.

- Азырынча болжолдуу тизме жарыяланууда. Эгерде шайлоочулар өзүн тизмеден таппай калса, аймактык шайлоо комиссиясына арыз жазууга милдеттүү. Комиссиялар шайлоочунун башка тилкеде катталып калбаганын такташат, – деди Ашымов.

БШК мүчөсү кошумчалагандай, шайлоочулардын акыркы тизмеси шайлоого үч күн калганда жарыяланат. Жарандар күмөн саноодон оолак болуу үчүн бүгүнкү күндөн баштап өзүн тактоого киришүүсү зарыл, - дейт Нурмамат Ашымов.

Мыйзамга ылайык, 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого биометрикалык маалыматын тапшырган шайлоочулар гана катыша алат. (SDz)

XS
SM
MD
LG