Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Түндүк менен Түштүк Корея замбиректерден атышты


Замбиректерден атышуу чек ара аймагында өттү. Буга Түндүк Корея тараптын Түштүк Корея Пхеньянга каршы үгүт таратуу үчүн колдонгон үн күчөткүчтөрдү бутага алганы түрткү берген болуу керек.

Түштүк Кореянын коргоо министрлиги билдиргендей, алар Түндүк Кореядан ракеталар келген тарапты көздөй калибри 155 мм. замбиректерден ок жаадырды. Буга өз кезегинде Түндүк Корея да жооп кылган.

Пхеньян буга чейин Түндүк Кореяга сын айтылып, ошол эле учурда Түштүк Кореянын демократиялык системасын кубаттоо сөздөрү таратылып жаткан үн күчөткүчтөр үчүн Сеулдан өч аларын эскерткен.

Түштүк Корея Түндүк Кореяга багытталган берүүлөрдү Пхеньян чек арадагы демилитаризациялык зонага мина жайгаштыруудан баштаган. Ал миналардан Түштүк Кореянын эки аскери жаракат алган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG