Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:06

БШК: тогуз партия шайлоо күрөөсүн коюшту


20-августка карата 9 саясий партия парламенттик шайлоого катышуу үчүн 5 млн. сомдук күрөө коюшту. Бул тууралуу БШК мүчөсү Гүлнара Батырова “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, калган партиялар 25-августка чейин шайлоо күрөөсүн коюшу керек.

Күрөө төлөгөндөр: КСДП, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Азаттык”, “Бир бол”, “Республика – Ата-Журт”, “Ар-намыс”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Улуу Кыргызстан” партиялары.

Ал эми “Замандаш”, “Мекен ынтымагы”, “Кыргызстан” жана “Аалам” партиялары шайлоого катышуу ниетин билдиргени менен, күрөөнү толук кое элек. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG