Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Нарында аскер комиссарынын орун басары киши колдуу болгону айтылууда


Токойдон сөөгү табылган Кочкор районунун аскер комиссарынын орун басары Ибрагим уулу Урматтын жакындары анын киши колдуу болгонун “Азаттыкка” билдирди. Айтымы, маркум аскер комиссариаты айткандай өзүн-өзү аткан эмес.

- Ал өзүн-өзү аткан эмес. Ок ага алыстан келип тийген. Өзүнө кол салгыдай эч бир проблемасы жок болчу. Ишинде абдан көп ийгиликтерге жетишкен. Бул иш аны көрө албагандардын колунан келиши мүмкүн,- деди маркумдун агасы Азамат Ибрагим уулу.

14-августта Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын чыгыш тарабындагы токойдон райондук аскер комиссариатынын орун басары 33 жаштагы Ибрагим уулу Урматтын сөөгү табылган. Милициянын алгачкы тергөө иштеринде маркум өзүн-өзү атып алгандыгы жана окуя болгон жерден курал табылганы айтылган. Учурда экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG