Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

21-августка аба ырайы


Узакка созулган саратан ысыгынан кийин 22 - 23-августта аба ырайы кескин өзгөрүлөт: мезгил-мегили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетет. 24-августта айрым жерлерде жаан-чачын болот. 22-24-августта абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 16…21° чейин, тоо этектеринде 11…16°, тоолуу райондордо 3…8° чейин төмөндөшү мүмкүн.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын түйшүгүн оорлотот жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

21-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүзү 32…37 градус ысык болот.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүзү 31…36 градус ысыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 17…22, күндүзү 32…37 градус ысыйт.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүзү 25…30 градус ысык болот.

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүзү ысык 26…31 градуска жетет.

21-августта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү температурасы 23…25° жылуу, күндүзү 34…36° жылуу болмокчу.

XS
SM
MD
LG