Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Чычкандагы өрттү бир тик учак жана 844 киши өчүрүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун “Азаттыкка” ырасташынча, Казакстандан чакырылган МИ-26 тик учагы Чычкандагы өрттү өчүрө баштады. Аталган тик учакка 15 тонна суу батат. Министр өрт эртеңкиге чейин толук өчүрүлөт деп ишендирүүдө.

Мындан сырткары өрт өчүрүүгө 844 киши тартылган. Алардын 230 жергиликтүү тургундар.

Өрт ушул жылдын 13-августунда башталган, андан бери 120 гектарга жакын кургак чөп жана бадалдар күйүп кетти. (UEz)

XS
SM
MD
LG