Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Македониянын чек арасында чукул кырдаал жарыяланды


Өлкө бийлиги Грекиядан келип жаткан мигранттарды өткөрбөө максатында чек арада чукул кырдаал жарыялады. Маалыматка ылайык, Македония аркылуу Европанын башка мамлекеттерине багыт алган легалсыз грек мигранттарынын саны кескин өсүп кетти. Гавгелия шаарынын чек арага жакын аймагында жүздөгөн кишилер топтолгону кабарланууда. Полиция Гавгелиядагы темир жол бекетине барууга аракеттенген мигранттарды токтотууга буйрук алды.

Тессалоники-Скопье багытындагы поезддер да токтотулду. Учурда эл ташыган бир, жүк ташуучу эки поезд кармалып турат.

Грекиялыктардын Европанын башка мамлекеттерине баруусу үчүн Македония негизги транзит мамлекет болуп эсептелет. (SE)

XS
SM
MD
LG