Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Иранда кайра Британия элчилиги ачылат


Ушул аптанын соңунда Тегеранда Британиянын элчилиги кайра иштей баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Тегерандагы британ элчилиги 2011-жылы жабылган. Ага жергиликтүү нааразы калктын элчиликке тынчтык бербегени себеп болгон. Демонстранттар консулдук кызматтардын имараттарына бастырып кирип, документтерди уурдап кеткен эле.

Мындан улам Британия элчиликти жаап, ирандык дипломаттарды да Англиядан чыгарып жиберген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG