Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Бишкекте бир доллар 64,5 сомдон сатылууда


Учурда борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 64,5 сомдон сатып алып, 65,50 сомдон сатып жатышат.

Ошол эле учурда Улуттук банк 1 АКШ долларына 62,07 сом берүүдө.

Улуттук банк доллардын сомго карата өсүүсүн Казакстандагы акча саясатына байланыштырууда. 20-августтан баштап, Казакстанда өкмөт менен Улуттук банк теңгени эркин агымга агыткан.

Буга байланыштуу Кыргызстандын банктары өз маалында чара колдонуп, теңгеге жана долларга карата баа дароо өзгөргөнүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

"Жагдайдан казак ишкерлери жана жарандары Кыргызстанга келип, теңгелерин өткөрүп же долларды массалык сатып алууга жол берилген жок. Кыргыз сому 1993-жылдан бери эркин агымда келе жаткандыктан, доллардын сомго карата өсүүсү болбошу керек. Ал эми акча алмаштыруучу жайлар абалды атайын өз мүдөөсү үчүн пайдалануу аракетин көрүп жатат, абал кыска аралыкта турукташат",- деди Абдыгулов.

Буга чейин ушул жылдын 25-мартында доллар эң жогорку чекке жетип, 63,60 тыйындан сатылган.

XS
SM
MD
LG