2015-жылдын январынан июль айына чейин Кыргызстанда 26 млрд. 158 млн. сом салык жыйналды. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.
Натыйжада план 102,3% түзүп, 589,9 млн. сомго ашык аткарылган. Өткөн жылдын жети айына салыштырмалуу салык 16,8 % көп жыйналган.
Маалыматка караганда, эң эле маанилүү салыктык чегерүүлөр соода ишканаларында – 14%, түстүү металл ишканасында – 21%, байланыш түзүмүндө – 10%, башка ишмердиктерде – 6%, курулушта – 5%, профессионалдык ишмердикте – 5%, электр энергиясында – 3%, финансы кызматында – 4%, өндүрүштүн башка тармагында – 4%, алкоголдук ичимдиктерде – 2% өндүрүлгөн.
Салык алымдары Кыргызстандын бюджетинин негизги бөлүгүн түзөт. (МТо)