Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Кыргыз аскерлери Орусияга машыгууга жөнөп кетти


Бүгүн, 22-августта кыргыз армиясынан атайын топ 22-28-август күндөрү Орусиянын Псков облусундагы аба десанттык борбордук полигонунда өтө турган “Өз ара аракеттенүү – 2015” аттуу машыгууга кетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн штабы маалымдады.

Аталган машыгууга Орусия, Армения, Беларус, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн эки миңден ашык адам катышуусу күтүлүүдө. Ал эми кыргыз тараптан элүүгө жакын адам барат.

Машыгуунун алкагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскер контингенттерин башкаруу боюнча милдеттер иштелип чыгат. Анда куралдуу кагылышууну токтотуу, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу, маанилүү стратегиялык объекттерди, курал-жарактарды, аскер техникаларын кайтаруу сыяктуу программалар камтылган. Ушундай машыгуу өткөн жылы Казакстан аймагында өткөрүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG