Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Өздөрүн “патриот" деп атагандардын дагы бир видеосу интернетке тарады


Төрт мүнөткө созулган видеодо кыргызча сүйлөгөн балдар өзбекче сүйлөгөн жигитти жана кыргыз кызын түн ичинде кармап алып сурак алып, уруп жатканы көрсөтүлгөн.

Видеодо кыз менен баланын жашы, аты-жөнү, туулган жери жана Орусияда жашаган дарегинен бери айтылат. Окуя качан, каерде тартылганы белгисиз. Бирок видео интернетке бир күн мурун жүктөлгөн. Интернеттеги талкууда камера сыртындагылар өздөрүн “патриот” атаган балдар болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Азырынча милициядан бул видео тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбоду. Эки-үч ай мурун эле ушул өңдүү эки видео интернетке тараган. Анын биринде 19 жаштагы кызды “башка улуттун өкүлдөрү менен жыныстык катнашта болгонсуң” деп айыптап, балдар ур-тепкиге алган. Ал эми экинчи тасмада өзбекче сүйлөгөн баланы кыргыз балдары кыргыз кыздары менен жүргөнсүң деп айыптап, уруп жатканы көрсөтүлөт.

Кыргыз кыздарынын башка улуттун өкүлдөрү менен жүрүшүнө каршы чыккан топ 2012-жылы Орусияда пайда болгон. Алар кармаган кыздарын жылаңачтап чечинтип, сабап, суракка алып жатканын тарткан видеосун интернетке жайылтып келишет. Мындай окуялар боюнча ушул күнгө чейин эч ким жоопко тартыла элек. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG