Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:32

Кыргызстандагы башка өлкөнүн элчиликтери футбол боюнча мелдешүүдө


“Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду жана Тышкы иштер министрлигине караштуу “Кыргыздипсервис” ишканасы уюштурган кичи-футбол боюнча кайрымдуулук мелдеши өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов маалымдады.

Маалыматка ылайык, эки күндөн бери Кыргызстандагы башка өлкөнүн элчиликтериндеги кызматкерлерден түзүлгөн он жети команда мелдешүүдө. Ар бир элчилик кайрымдуулук кылган каражат гемодиализ аппаратын сатып алууга жумшалат дейт уюштуруучулар. Мелдеш "Дордой" спорт комплексинде өтүп жатат.

Кыргызстанда жыйырма бир чет мамлекеттин өкүлчүлүгү бар. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG