Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Иранда Британиянын элчилиги кайрадан ачылды


Анын ачылыш аземине катышуу үчүн жекшемби күнү Британиянын тышкы иштер министри Филип Хаммонд келди. Ал британ желегин көтөрүү жараянында элчиликтин жанданышы эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртууга негизги кадам экенин билдирди.

Ошондой эле Хаммонд Лондон менен Тегеран экстремизм, аймактагы туруктуулук, “Ислам мамлекети” деп аталган террористтик топторго каршы туруудагы көйгөйлөрдү талкуулоого даяр болушу керектигин белгиледи.

Тегерандагы британ элчилиги 2011-жылы жабылган. Ага Иранга киргизген Батыштын санкцияларына нааразы жергиликтүү калктын элчиликке тынчтык бербегени себеп болгон. Демонстранттар консулдук кызматтардын имараттарына бастырып кирип, документтерди уурдап кеткен эле.

Мындан улам Британия элчиликти жаап, ирандык дипломаттарды да Англиядан чыгарып жиберген.

XS
SM
MD
LG