Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Жол кайгуул кызматкерлеринин ортосундагы чатак боюнча интернетке жарыяланган тасмага байланыштуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматында иштеген аткаминерлер жазаланды.

Ички иштер министрлигинин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковдун 24-августтагы буйругу менен шаардык Жол кайгуул көзөмөл кызматынын башчысы Шайырбек Шакировго сөгүш, Жол кайгуул милициясынын саркери Шабданбек Ажибеделовго катуу сөгүш, Жол кайгуул көзөмөл кызматынын башчысынын орунбасары Сапарбек Калыковго катуу сөгүш, Жол кайгуул милициясынын саркеринин орун басары Адахамжан Арабаевге эскертүү берилди. Ал эми интернетке тараган тасмага түздөн түз тиешеси бар төрт кызматкер мурдараак жумуштан бошотулган.

Интернетте 22-августта пайда болгон алты мүнөттүк тасмада Иса аттуу жол кайгуул кызматкери Жеңиш аттуу жол кайгуул кызматкеринин баласына айып жазып салганы үчүн экөө чатакташканы көрсөтүлөт. Баласына болушкан экинчи кызматкер беркини оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тап берип жулунган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG