Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 00:10

Кыргыз-тажик чек арасында бир жоокер дайынсыз жоголду


Кыргыз-тажик чек арасындагы Карамык тозотунда кызмат өтөп жатып, дайынсыз жоголгон жоокер изделүүдө. Ал 23-августтан бери дайынсыз. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоеванын “Азаттыкка” билдиришинче, анын колунда Калашников автоматы болгон.

"Биздин божомолубузда аскер кызматын өтөп жаткан бир жоокерибиз кезметке чыккан учурда жолунан адашып кеткен. Азыр бардык издөө чаралары жүрүп жатат", -деди Чоколоева.

Изделип жаткан жоокер 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу Карамык тозотунда кызмат өтөп жаткан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG