Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Теңге алдыга, рубль артка кетти


Москвадагы акча алмаштыруучу жай. 24-август, 2015-жыл.
Москвадагы акча алмаштыруучу жай. 24-август, 2015-жыл.

Казакстандын өкмөтү жана Улуттук банкы өткөн аптада теңгенин курсун биринчи ирет эркин койо бергенин жарыялаганда, бир доллардын сатыктагы баасы 255 теңгеге чейин чыгып кеткен эле.

Ушул дүйшөмбү күнгө карата теңгенин курсу бир аз турукташканы байкалды.

Валюта базарындагы соодада бир доллардын сатыктагы курсу 218ден башталып, 225 теңге менен аяктады. Бул аралыкта орус рублинин нарксыздануусу уланууда.

Дүйшөмбү күнкү соода бир америкалык доллардын курсу 71,64 рубль, евро 83 рублге чейин жетти.

Орус акчасы нарксыздануусунун негизги себептеринин бири катары талдоочулар мунай баасы арзандаганын айтышууда.

24-августагы соодада америкалык мунайдын бир баррели 38, Brent үлгүсүндөгү мунайдыкы 43 долларга бааланды. Бул - 2009-жылдын февралынан берки эң төмөнкү баа. (UE)

XS
SM
MD
LG