Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Орусия “Арктик Санрайз” кемесин кармаганы үчүн кенемте төлөшү керек


“Арктик Санрайз” кемеси Мурманск портунан кетүүдө. 1-август, 2014-жыл.

“Арктик Санрайз” кемеси Мурманск портунан кетүүдө. 1-август, 2014-жыл.

Орусия Гринпис экологиялык уюму пайдаланган кемени кармаганы үчүн Нидерландияга кенемте төлөш керек деген бүтүмдү бүгүн эл аралык сот чыгарды.

Гаагадагы Арбитраждык соттун чечимине ылайык, Орусия төлөшү керек болгон кенемтенин өлчөмү кийинчерээк аныкталат.

Орусия Нидерландиянын желеги менен жүргөн “Арктик Санрайз” кемесин 2013-жылы сентябрда кармаган.

Анда жаратылышты коргоочулар Арктикадагы эл аралык сууларда Орусиянын “Приразломная" мунай платформасы иштешине нааразылык билдирип барышкан эле.

Кеменин экипажы жана окуяны чагылдырып жүргөн журналисттер, жалпысынан 30 адам Орусиянын түрмөлөрүндө бир нече ай олтурушкан. Алар күрөө менен былтыр Сочидеги кышкы Олимпиаданын жуп алдында гана бошотулган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG