Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Орус акчасы дагы арзандады


Казандагы акча алмаштыруучу жай. Татарстан
Казандагы акча алмаштыруучу жай. Татарстан

Дүйшөмбүдө орус акчасы доллар менен еврого карата дагы арзандады. Бул Орусия менен тыгыз экономикалык байланыштагы КМШнын башка өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө.

Москвада дүйшөмбү күнкү соодада бир АКШ долларынын баасы 71 рублдан ашып, евро 83 рублге чейин жетти. Муну менен рубль соңку бир айда эле 20 пайыздан ашык арзандады. Орус акчасы өткөн айдын орто ченинен тарта ылдыйлоосун тездете баштаган.

Рубль буга чейин мынчалык ылдый түшкөн эмес эле. Андыктан адистер бул күндү “кара дүйшөмбү” деп да атап жиберишти.

Москвадагы Энергетикалык саясат коомдук институтунун жетекчиси Владимир Мелов акыркы убакта мындай "кара дүйшөмбү", же "кара бейшемби" деген күндөр көнүмүш болуп калганын айтып, рублдин арзандашын ага колдоо жоктугу менен байланыштырат:

- Тилекке каршы, соңку учурда бизде мындай "кара дүйшөмбү", "кара шейшембилер" көбөйүп баратат. Бизде рублди, жалпы эле экономиканы колдой турган эч кандай факторлор жок. Рублди колдоо үчүн резерв жетишсиз экенин өлкө жетекчилиги моюнуна ала баштады. Бул тууралуу жакында эле президенттин жардамчысы Белоусов айтты. Экспорттук товарларбыздын да баасы түшүп жатат, анын ордуна биз башка эч нерсе сунуштай албай жатабыз. Мындай учурда ушундай төмөндөө болору турган иш.

Орус акчасынын кунунун кетишинин негизги себептеринин бири катары талдоочулар дүйнөдө мунай баасы арзандаганын айтышууда. Маселен, 24-августтагы соодада америкалык мунайдын бир баррели 38, Brent үлгүсүндөгү мунайдыкы 43 долларга бааланды. Бул - 2009-жылдын февралынан берки эң төмөнкү баа.

Орус акчасынын арзандашы бул өлкө менен өнөктөш, кошуна мамлекеттерге да дароо таасирин тийгизди. Маселен, Минскиде доллар 17 204, евро 19 768 беларус рублине жетип барды. Муну менен акыркы 20 күндө эле Беларуста евро жетинчи, доллар он экинчи тарыхый максимумга чыкты. Маселен, 4-августта бир доллар 15 миң беларус рублинин тегерегинде эле.

Кошуна Казакстанда дүйшөмбүгө карата теңгенин курсу бир аз турукташканы байкалды. Маселен, валюта базарындагы соодада бир доллардын сатыктагы курсу 218ден башталып, 225 теңге менен аяктады. Бирок анткен менен казак акчасы 20-августка чейинки калыбына түшө элек. Казак өкмөтү өткөн аптада теңгенин курсун эркин койо бергенин жарыялаганда, бир доллардын сатыктагы баасы 255 теңгеге чейин чыгып кеткен.

24-августта орус акчасын улай, дагы бир кошуна өлкө Тажикстандын улуттук валютасы – сомони да арзандап, 5% төмөндөдү. Тажик акчасы биржалык эмес, анын курсун өлкө бийлиги башка өлкөлөрдөгү биржа соодасына, анын ичинде Москва менен Астанадагы бааларга карап, аныктап турат. Андыктан рубль менен теңге түшкөн соң тажик бийликтери жөн гана доллар кымбаттаганын расмий жарыялап койду. Себеби Тажикстандагы абал да бул кошуна өлкөлөрдөгү кырдаалдан көз каранды. Казакстан менен товар айлантуусу 11%. Орусияга андан да тыгыз байланышкан, бул өлкөдөгү эмгек мигранттарынын акча которууларын күткөндөр көп. Эл аралык эксперттердин баамында, тажик акчасы дагы 10 - 20% арзандашы ыктымал.

Кыргызстандагы абал деле бул кошуна өлкөдөн көп айырмаланбайт. Өткөн аптада теңгени улай, кыргыз сому да түшүп, бир доллар 70 сомду чапчыган. Дүйшөмбүгө карай сом бир аз турукташканы менен девальвацияга чейинки наркына жете элек.

Кечээ кечке жуук Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында АКШ долларынын куну 66 сомго бааланды. Күндүзү бул баа 64 сомдун айланасында болуп турган. Акча алмаштыруучулар ассоциациясынын төрагасы Бакытбек Чойбековдун айтуусунда, доллардын кымбатташы Казакстандагы, Орусиядагы жана Кытайдагы каржылык кырдаалга байланыштуу болууда.

Айрым эксперттердин эсебинде, сом мындан ары да арзандашы мүмкүн. Маселен, Швейцариядагы Лозанна жогорку коммерция мектебинин магистри Чыңгыз Жуманазаров сом 18-20 % ылдыйлап, бир доллар 73-75 сомду чапчышы мүмкүндүгүн боолголойт.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG