Быйылкы жылдын алгачкы эки кварталында Кыргызстандагы акча-насыя саясатынын жыйынтыгы жана валюта рыногундагы чукул өзгөрүүлөргө байланыштуу эсептик чендин өзгөртүлүшү жөнүндө журналисттерге маалымат берилет. Маалымат жыйына Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Улуттук банктын экономика башкармалыгынын акча-насыя саясаты бөлүмүнүн башчысы Насиба Имаралиева жана акча-насыя операциялар башкармалыгынын дилингдик бөлүмүнүн башчысы Бакыт Карбозов катышат.
25-августта кечке жуук Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында АКШ доллары 66 сомго чыкты. Күндүзү алмашуу курсу 64 сомдун айланасында болчу.
Доллар 20-августта кескин кымбаттап, 62 сомдон 65 сомго көтөрүлүп, кайра түшкөн. Бул көрүнүштү эксперттер казак теңгесинин эркин кое берилишине байланыштырышкан.(ZKo)