Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Чек арада жоголгон аскер табыла элек


Карамыктагы чек ара аймагы. 2012-жыл, 28-август.
Карамыктагы чек ара аймагы. 2012-жыл, 28-август.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Карамык тозотунда кызмат өтөп жатып, 23-августта дайынсыз жоголгон жоокер дагы эле изделүүдө. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, анын колунда Калашников автоматы болгон.

Мекеменин божомолунда жоокер Түштүк Бокбашы ашуусуна кезметке чыккан учурда жолунан адашып кеткен. Анткени, аймакта жамгыр аралаш кар жаап, туман түшүп турган.

Издөө иштерин Чек ара кызматынын төрага орунбасары Абдикарим Алимбаев баш болгон аскерлер жүргүзүүдө. Аларга жергиликтүү тургундар жана мекеме-ишканалар да көмөктөшүп жатат. Окуя тууралуу тажикстандык чек арачыларга да кабарланды, алар да өз аймагында издөөнү баштады.

Жоголгон жоокер 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу Карамык тозотунда кызмат өтөп жаткан. (SE)

XS
SM
MD
LG