Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

Дүйнөлүк биржалардагы көрсөткүчтөр төмөндөөдө


Кытай экономикасынын абалы начарлашы мүмкүн деген кооптонуулардан улам дүйнөлүк фондулук биржалардагы көрсөткүчтөр кескин төмөндөп кетти. Нью-Йорктун биржалары жабылып жаткан кезде Dow Jones индекси 3,6 процентке ылдыйласа, анын алдында Лондон, Париж жана Франкфурттагы фондулук рыноктор 4 процентке түшкөн.

Азиядагы акциялар Шанхай биржасы жабылып жаткан учурда 8,5 процентке төмөндөгөн. Инвесторлор дүйнөнүн экинчи экономикасы болуп эсептелген Кытайдагы абалга тынчсыздануусун билдирип жатышат.

Чийки заттарга да баалар арзандоо үстүндө. Алсак, мунайдын бир баррели АКШда 40 доллардан сатылууда. Бул факторлор орус рублинин курсуна таасир тийгизүүдө. Кечээ бир доллар 70,75 рублге бааланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG