Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Венгрияга качкындардын биринчи бөлүгү келди


24-августта 1000ден көп мыйзамсыз мигрант Сербиядан Еврошаркеттин мүчөсү Венгрияга келди. Бардыгы болуп Сербияда Македония Греция менен чек арасын кайра ачкандан кийин агылган 7 миңдей бозгун топтолуп турат.

Венгрия мигранттардын агымын токтотуу үчүн Сербия менен чек арасында тосмолорду тургузууда. 31-августта аяктайт деп мерчемделген курулуш Евробиримдиктин сынына кабылды.

Маалыматтарга ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Балкан өлкөлөрү аркылуу Евробиримдиктин аймагына 102 миң мыйзамсыз мигрант кирген. Салыштыра кетсек, былтыр бул сан 8 миң гана болчу. Франция жана Германия бийликтери кризисти биргелешип чечүүгө үндөшүүдө. Президент Франсуа Олланд баш калка берүүнүн бирдиктүү системасын түзүү керектигин билдирсе, канцлер Ангела Меркель Германиянын чыгышында өткөн жумада качкындарга каршы өткөн акцияларды катуу айыптады. Быйыл өлкө 800 миңдей мигрантты кабыл алат деп күтүлүүдө.

Качкындар куралдуу жаңжалдар жүрбөгөн өлкөлөрдөн да агылып жатканын белгилеген лидерлер Брюсселге коопсуз мамлекеттердин тизмесин түзүүнү сунуш кылышты.

XS
SM
MD
LG