Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Түркия менен АКШ "Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы операция жүргүзөт


Анкара менен Вашингтон "Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы операция боюнча техникалык сүйлөшүүлөрдү жыйнтыкташты.

Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри билдирди. Мевлут Чавушоглу 25-августта кабарчыларга билдиргендей, түркиялык жана америкалык армия өкүлдөрү техникалык процедуралар боюнча келишимди бекитишти. Бирок министр документтин чоо-жайына токтолгон жок. Буга чейин тышкы мекеменин жетекчиси согушкерлерге каршы координацияланган ири операция жакынкы күндөрдө башталышы мүмкүн деген.

Түркия "Ислам мамлекети" тобунун Сириядагы жайларына сокку уруп келген жана кошуна өлкө менен чек арасындагы аскердик базаны АКШ баштаган антитеррордук коалиция тарабынан пайдалануусуна уруксат берген.

Эсиңиздерге сала кетсек, июлда радикал топтун мүчөсү Суруч шаарында жардырган бомба 33 кишинин өмүрүн кыйган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG