Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Мугалим болчу 20 бүтүрүүчүгө акчалай сыйлык берилди


Кыргызстандагы түрдүү университеттерде педагогикалык багыттагы факультеттерди аяктап, мугалим болуп иштейм деген 20 бүтүрүүчүгө президенттин фондунан 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. Бул алардын кесипке болгон кызыгуусун арттыруу максатындагы кадам экенин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев белгиледи.

Бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда билим берүү кызматкерлеринин курултайы өтүп жатат. Ага Алмазбек Атамбаев баш болгон мамлекеттик жетекчилер катышууда.

Өлкө башчы курултайда сүйлөп, учурда бир топ мугалимдердин жүрөгүндө жалын жок деп сындады. Ал окутуучуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырып, өлкөнү оор жагдайдан мыкты билим гана сууруп чыгарын белгиледи.

Кыргызстанда 2207 мектеп бар. Анда 16 195 мугалим эмгектенет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG