Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Бишкек-Торугарт жолундагы унаа кырсыктан жети адам мерт кетти


Кырсык бүгүн эртең менен саат сегизге жакын Кең-Булуң айыл аймагында болгон. “Хонда-Одиссей” автоунаасы менен “Лексус-470” кагылышып, жети адам каза тапты, экөө ооруканада жатат.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, “Хонда-Одиссейдин” айдоочусу - Түп районунун Азамат аттуу тургуну жол эрежесин бузуп, карама-каршы каттамга чыгып кеткен. Авария болгон учурда машине экиге бөлүнүп, ичиндеги алты жүргүнчү жана айдоочу каза тапкан.

Ал эми “Лексус-470” унаасы саатына 125 чакырым ылдамдыкта баратканы аныкталды. Анын айдоочусу - Бишкектин Иляс аттуу тургуну бир жүргүнчүсү менен оор жараат алып, ооруканага түштү. Учурда Ысык-Ата райондук милициясы окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG