Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

Жоголгон жоокерди издөө иштери натыйжа бере элек


Кыргыз-тажик чек арасындагы Карамык тозотунда кызмат өтөп жатып дайынсыз жоголгон аскерди үч күндөн бери издөө аракети натыйжа берген жок. Кыдыруу иштерин Чек ара кызматынын төрага орунбасары Абдикарим Алимбаев баш болгон аскерлер жүргүзүүдө. Аларга жергиликтүү тургундар, мекеме-ишканалар жана тажикстандык чек арачылар көмөктөшүп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, жоокер 23-августта Түштүк Бокбашы ашуусуна кезметке чыккан учурда жолунан адашып кеткен. Анткени, аймакта жамгыр аралаш кар жаап, туман түшүп турган. Анын колунда Калашников автоматы болгон.

Жоголгон жоокер 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу Карамык тозотунда кызмат өтөп жаткан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG