Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:58

Депутатка байланышкан чырлуу тасма бир жыл мурда тартылган


Жогорку Кеңеш депутаты Акылбек Султанов менен Жол кайгуул кызматынын өкүлүнүн ортосундагы чатак бир жыл мурун Өзгөндө болгон. Ал окуя жазылган тасма интернетке 24-августта тараганын Өзгөн райондук Жол кайгуул кызматынын башчысы Улан Мурзалиев билдирди.

Ош облустук милициясы да муну тастыктап, ал боюнча тийиштүү протокол түзбөгөнү үчүн райондук ЖККнын айрым кызматкерлери сөгүш алганын билдирди.

Интернетке чыккан видеодо Акылбек Султанов унаасын туура эмес жерге токтоткону үчүн эскертүү берген “маичини” ашата сөккөнү тартылган.

Акылбек Султанов парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты. (YI\SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG