Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Бакуда журналист Исмаилованын соту жылдырылды


Хадижа Исмаилованын адвокаты Фариз Намиз журналисттин күнөөсү жоктугун далилдеген документтерди прокуратура карабай койгондугун айткандан кийин Азербайжан соту шаршемби күнкү отурумду белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Өткөн аптада сотто прокурорлор журналистке каршы айыптоо корутундусун бүтүшүп, аны 9 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

“Эркин Европа жана Азаттык” радиосу менен кызматташкан иликтөөчү журналист Хадижа Исмаилова акча уурдаган, салыктан качкан, кызмат абалынан кыянат пайдаланган, деп айыпталууда. Ал күнөлүү деп табылса 17 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Исмаилова ага коюлган айыптардын бардыгы саясий жүйөөгө негизделип, бийликтер коррупциялык режимдеги схемалардын бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн өч алып жатканын айтып келет.

Жараян башталган 24-июлдан бери журналисттер, көз карандысыз байкоочулар сот залына киргизилген жок. Эл аралык Мунапыс уюму Исмаилованы “абийир туткуну” деп атаган. Журналисттерди коргоо комитети да Исмаилова кесиптик ишмердигинен улам соттолуп жатканын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG