Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Ошто алдамчылыкка шектелген пакистандык сурак берүүдө


Пакистандын 27 жаштагы тургуну өз мекендештерин алдап, акчасын бербей жүрөт деген шек менен Ош шаарында кармалды. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, пакистандык жаран мекендештерин Канада, АКШ жана Жаңы Зеландияга барууга виза жасап берем деп Кыргызстанга чакырган. Анын сөзүнө 12 адам ишенип, 260 миң АКШ долларын беришкен. Кармалган пакистандык жаран акчаны алган бойдон изин жашырган.

Ал Кыргызстанга быйыл май айында бизнес-виза менен келгени аныкталды.

25-августта Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пакистандык шектүү жаран кармалып, ага каршы кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG