Бүгүн кечинде Жалал-Абад жаштар борборунда "Чогулуп кино көрөбүз" акциясы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Жалал-Абад шаар башчылыгынын жаштар комитетинин төрагасы Айбек Жолборсов "Азаттыкка" билдирди.
Ачык асман алдындагы кинокөрүүгө каалоочулардын баары катыша алат. Келгендерге тарбиялык мааниси бар 5 тасма сунушталып, алардын арасынан тандалып алынган тасма көрсөтүлөт. Соңунда кинодон алган таасирлер боюнча талкуу жүрөт.
Иш-чаранын максаты - жарандардын башын бириктирүү, эми ал ай сайын уюштурулмакчы.
Буга чейин мындай акция Бишкек шаарында өткөрүлгөн. (RsK)