Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Донбасста ок атышпоо тууралуу келишим Минскте дагы талкууланат


Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча макулдашууну талкуулоого чогулган үч тараптын өкүлдөрүнүн жолугушуусу бүгүн Минскте өтөт.

Буга чейин Минск келишими аткарылбай жатканы, анын ичинде Украинанын чыгышында оор куралдарды колдонбоо боюнча макулдашуу бузулганы белгиленип, тараптар бири-бирин айыптап келишкен. Өздөрүн "эгемен" деп жарыялаган Украинанын чыгышындагы "Донецк элдик республикасынын" жетекчилиги 100 миллиметрлик калибрдеги куралды колдонбоо тууралуу макулдашууга жетишүү кыйын экенин кабарлаган.

Киев менен жикчилдер ок атууну токтотуу боюнча макулдашууну бузду деп бири-бирин айыптоодо. Украин аскерлеринин айтуусунда, аларды жикчилдер өткөн түнү эле артиллериядан, миномёт жана гранатомёттон 90 жолу аткылашкан. Андан жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.

"Донецк элдик республикасынын" бийликтери болсо, украин аскерлери Тельманово айылын аткылады деп айыптады. Ал жерде үч үй талкаланганы, каза болгондор жоктугу айтылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG