Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Краснодарда ымыркайын үйдүн чатырына таштаган кыргыз келин суракта


Орусиянын Краснодар шаарында 26 жаштагы айым жаңы төрөлгөн ымыркайын көп кабаттуу үйдүн чатырына таштап кеткенин бүгүн орус маалымат булактары жазып чыгышты.

Полициянын маалыматына ылайык, баласын таштаган аял кыргызстандык экени аныкталды. Ал Краснодарга окууга барган жана боюнда болуп калганын жакындарына билдирбеш үчүн баланы төрөп, чатырга таштап кеткенин мойнуна алган.

Ымыркай эркек бала, аны жашоочулар таап алышкан. Баланын ден-соолугу боюнча маалымат айтыла элек. Учурда бул окуя боюнча кылмыш ишин ачуу маселеси каралууда. (SE)

XS
SM
MD
LG