Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

"Ата Мекендин" мүчөсүнө издөө жарыяланды


Дүйшөн Сатыбалдиев
Дүйшөн Сатыбалдиев

Ички иштер министрлиги "Ата Мекен" партиясынын тизмесиндеги жарандарды каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиевге эки кылмыш ишин козгоду.

Дүйшөн Сатыбалдиев “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде 64-орундагы талапкер. Калкты каттоо департаментинин директорлугунан кеткенине беш күн өтпөй, Ички иштер министрлиги ага жасалма паспорт жасоого жол берди жана тендер мыйзамын бузду деп эки кылмыш ишин козгоду.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Сатыбалдиевге издөө жарыяланып, маалымат берген адамга өзүнчө сыйлык каралды.

- Сатыбалдиевге жасалма паспорт жасоого жол бергени үчүн кылмыш иши козголгон. Ал Кылмыш - жаза кодексинин 304-беренеси кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана 306 - мамлекеттик сатып алууларга өз кызыкчылыгына байланыштуу келишим түзүү беренелери боюнча айыпталууда. Мыйзамсыз паспортторду берген учурда ал департаментти башкарып келген.

Расмий маалыматтар боюнча, соңку эки жылда Кыргызстанда жасалма паспорт алгандардын саны 6000ден ашкан. Ички иштер министрлиги буга түздөн түз Сатыбалдиевдин тиешеси бар деген тыянакка келди.

Текебаев: саясий буйрук болду

“Ата Мекен” партиясы Сатыбалдиевге кылмыш ишинин козголушун саясий куугунтук катары кабыл алды. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев жогору жактан "атамекенчилерди" жаманатты көрсөтүү боюнча күч органдарына буйрук түшкөнүн айтты. Сатыбалдиевдин аты-жөнү партиянын тизмегине киргенден кийин иштин жанданышы, көп нерседен кабар берүүдө, - дейт Текебаев.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Мен муну саясий буйрук деп эсептейм. ИИМге эптеп эле “Ата Мекенди” жаман көрсөтүү үчүн тизмеден бирөөнү жаманатты кылгыла деген буйрук түшкөнүн билем. Сатыбалдиевдин өзүнө 16-августта партиянын курултайы болуп, анын талапкерлиги жылдырылгандан кийин иш козголуп атат. Тизме БШКга берилгенден кийин, ага иликтөө жарыяланып, камакка алынышы керек деген чечим шашылыш түрдө кабыл алынган.

Дүйшөн Сатыбалдиевге 2011-жылы чет элдик жарандарга мыйзамсыз паспорт берүү боюнча финполиция тарабынан кылмыш иши козголуп, кийинчерээк ал кыскартылган. 2014-жылы ноябрда ИИМ паспорт жасоо компаниясына тендер өткөрүүдө Каттоо кызматы тарабынан мыйзам бузуучулукту аныктап, кайрадан кылмыш ишин козгогон.

Милиция саясатташтыбы?

Укук коргоочу Качкын Булатов бир жарым жыл мурун козголгон кылмыш ишин күч органдары ушу маалга чейин көңүлдөн сырт калтырып, эми гана кызматын тапшырганда ишти жандантканы милициянын саясатташып кеткенинен кабар берет деди:

- Милиция эбак эле кармашы керек болчу. Мурда акчасын алып, ишти жандантпай келген да. Азыр шайлоого байланыштуу бийликтин кызыкчылыгын колдоп, эскини казып баштады. Бул жерде айдан ачык эле көрүнүп турат, шайлоо алдындагы эле оюн. Болбосо, ордунда отурган жерден эле качырбай кармабайт беле.

Издөө жарыяланганына карабай "атамекенчилер" Дүйшөн Сатыбалдиевди тизмеден чыгарбасын жар салышты. Партия талапкерлерди ара жолдо калтырбайбыз дегени менен, Сатыбалдиев партияга чоң добуш алып келе тургандардан эмес дегендер четтен табылат. Журналист Төлөгөн Сулаймановдун пикиринде бул маселени саясатташтыруунун кажети жок:

- Дүйшөн Сатыбалдиев ачыгын айтканда, Салянова же Мырзакматов сыяктуу чоң калибрдеги куугунтукка кабыла турган фигура эмес. Бул ишти анчалык саясатташтыруунун деле кереги жок. Ооба, кандайдыр бир деңгээлде саясат жыттанып турат, бирок партия үчүн бул трагедия эмес. Эгер ишти тереңинен казып кирсе, бир эле Сатыбалдиев эмес, бул иште бир нече жооптуу адамдардын кулагы чыгат.

Ошентип, Дүйшөн Сатыбалдиев “Ата Мекен” партиясынын тизмегиндеги Мелис Мырзакматовдон кийинки издөө жарыяланган экинчи адам болуп калды.

ПИН-номурларды өзгөртүү менен паспорт берилген деген негиздеги Сатыбалдиевдин экинчи кылмыш ишинде аны менен чогуу, Соцфонд, Каттоо кызматы жана ортомчулар кошулуп, 10 адамдын иши каралууда.

XS
SM
MD
LG