Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Өзбек имамына кол салууга шектелген жаран Швецияга экстрадицияланды


Швецияда жашаган өзбек имамы Обидхон Назаровго кол салууну уюштурган делген жаран Юрий Жуковский Орусиядан Швецияга экстрадицияланды. Бул тууралуу Швециянын Стромсунд шаарынын прокурору, бул ишти иликтеген Кристер Петерссон кабарлады. Жуковский ушул жылдын башында Москвада кармалган.

Буга чейин аталган кылмышка шектелип эки өзбекстандык кармалып, бирок алар акталып чыккан. Сот жараяны учурунда прокурор айыптуу киши 1978-жылы туулган Юрий Жуковский экенин айткан. Өзбекстанда кол салууга кабылган Обидхон Назаров 2006-жылы Швециядан баш паанек алган жана Стромсунд шаарында жашап жүргөн.

Жуковскийди окуя болгон жердеги дүкөн жана мейманкалардагы видеокамералар тартып калганы жана атайын сүрөт далилдер бар экенин тергөөчүлөр белгилешет.

54 жаштагы Обидхон Назаровду ушул жылдын 22-февралында Швециянын түндүгүндөгү Стромсунд шаарындагы үйүнө жакын жерде белгисиз адам атып кеткен. Ал ушул күнгө чейин ооруканада өзүнө келе албай жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG