Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Чек араны бузган тажик жарандары жоопко тартылды


25-август күнү Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскерлери тарабынан Баткендеги кыргыз-тажик чек арасын бузуп, өтүүгө аракет кылган эки тажик жараны кармалган. Алар облустун Карабак аймагында чек ара бекетинен башка жерден Тажикстанга өтүп кетүүгө аракеттенишкен.

Тиешелүү документтер толтурулган соң, чек араны бузган тажик жарандары административдик жоопко тартылды деп билдирет Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG