Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

ЕККУнун баш катчысы Кыргызстанда


26-августта ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Занньер Кыргызстанга келди. Ал тышкы иштер министри менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Түштөн кийин Баш катчы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен ЕККУнун биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты арттыруу, Борбор Азия аймагындагы коопсуздук маселеси тууралуу сөз болду.

Президент Алмазбек Атамбаев ЕККУнун баш катчысына Кыргызстанга ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазылык билдирип, парламенттик шайлоонун алдындагы сапары өлкө үчүн маанилүү экенин айтты. Мамлекет башчы ошондой эле Ламберто Занньер менен Венада жолугушуп, сүйлөшкөнүн да эскерди. Мындан тышкары президент Кыргызстан демократиялык институттарды өнүктүрүүгө, коррупция менен күрөшүүгө, сот жана шайлоо системасында реформа жүргүзүүгө жасалып жаткан аракеттер тууралуу маалымдап, ЕККУнун Кыргызстанда күзүндө болуучу парламенттик шайлоого байкоочу жиберүү тууралуу чечимине ыраазылык билдирди:

- Анткени биз быйыл болушунча акыйкат жана адилет шайлоо өткөрүүнү көздөп жатабыз. Бул шайлоо келерки президенттик шайлоого үлгү болууга тийиш.

Өз кезегинде Ламберто Занньер ЕККУ Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасын өнүктүрүү аракеттерин колдоого аларын белгиледи жана ошондой эле өлкөнүн шайлоону биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен өткөрүлүп жатышын кубаттады.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG