Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

Алматыда оркестрлер парады өтүүдө


25-август кечинде башталган концерт шаар күнүнө арналган програманын алкагында өтүп, анда өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы советтик ырлар жаңырды. Александр Беляков жетектеген эстрадалык-симфониялык оркестрдин коштоосунда Андрей Трегубенко, Диана Макина, Алексей Тимофеев, Жанна Орынбасарова жана Бауржан Мусин сыяктуу казакстандык ырчылар совет доорунда эл оозуна алынган ырларды созолонтту.


Жыл сайын өтчү Оркестрлер парады фестивалы үч күнгө созулат. 26-августта анда академиялык “Отрар сазы” фольклордук-этнографиялык оркестри коюлду. Фестивалды акыркы күнү, 27-августта бир кезде Европада хит болгон ырлар көркүнө чыгармакчы. Анда Эдит Пиаф, Патрисии Каас, Лары Фабиан, Мирей Матьё өңдүү атактуу ырчылардын жана Beatles тобунун репертуарындагы белгилүү ырлар аткарылат. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG