Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

АКШ: Түз эфирдеги журналисттерди өлтүргөн Вестер Ли Фланаган ооруканада көз жумду


Полициянын маалыматы боюнча, Вестер Ли Фланаганды кармоо учурунда өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып, оор абалда ооруканага жеткирилген.

АКШнын Виржиния штатындагы WDBJ7 телеканалынын журналисттери Элисон Паркер менен Адам Уордду өлтүргөн Вестер Ли Фланаган мурда бул телеканалда иштеп, андан жакында эле бошонгон. Ал өзүнүн журналисттерди аткан учурун тасмага тартып алып, Твиттерге жайгаштырган, кийинчерээк анын аккаунту жок кылынган.

Кол салуу учурунда журналисттер түз эфирде интервью алып жаткан аялдын далысына ок тийген, ага тез операция жасалып, учурда абалы туруктуу экенин жергиликтүү полиция билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG