Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Кыргызстан - ЕАЭБ: топтолгон маселелер тоому


27-августта Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке киргенден кийинки көйгөйлөрү, анын себептери, биримдиктин негизги эреже-шарттары тууралуу журналисттерге тийиштүү мекеме жетекчилери маалымат беришет. Жыйынга бир катар ишкердик уюмдардын өкүлдөрү да чакырылган.

Кыргызстан ЕАЭБге толугу менен 12-августта кирген. Чек арадагы бажы бекеттери алынганы менен, Казакстан, Орусияга товар алып өтүү мурдагыдай эле оор бойдон калып жатканына нааразылыктар күчөөдө. Кытайдан товар алып келе жаткан 200-300 чамалуу автоунаа Торугарт жана Эркеч-Там бажы бекеттеринде Кыргызстанга киргизилбей атканын айтып, жүк ташуучулар өкмөт башчыга кайрылышкан.

Ошондой эле Кыргызстандын эти жана сүт азыктары үчүн азырынча ЕАЭБ базары жабык. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG