Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:43

"Кыргызстандын улуттук байлыктары кимге таандык?"


Ушундай аталыштагы иш чараны “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы баш болгон бир катар бейкөкмөт уюмдар уюштурууда. Анда Кыргызстандын кен байлыктары, мамлекеттик менчик, аба мейкиндиги жана башка байлыктарына мамлекет мамилеси тууралуу сөз болот.

Иш чараны уюштуруучулардын ырасташынча, өлкө байлыктарына мамлекет толугу менен ээлик кылып, андан түшкөн пайданы бюджетке, башкаруу системасын каржылоого сарптайт. Ошол эле учурда өкмөттүк жана коммерцияга кирбеген тармактар: жарандык коом, илим, маданият, билим берүү каржылык булактарынын жогунан чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын каражаты менен иштөөгө мажбур.

Бул маселелер 27-августка белгиленген талкууда талдоого алынмакчы.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG