Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

"Центерранын" мурдагы жетекчиси кайра камалды


Financial Post гезитинин маалымдоосу боюнча Болгарияда "Центерра голд" компаниясынын мурдагы президенти Леонард Хоменюк 26-август күнү кайрадан камакка алынды. Ал 27-июлда камалып, Видин шаарындагы түрмөдө 11 күн жатып чыккан эле.

Хоменюктун жубайы Марина Стефенс аны Кыргызстанга уурдап кетишеби деп чочулап жатканын басма сөзгө айтып чыкты. София шаарында үй-бүлөсү менен жүргөн жеринен Хоменюкту Болгария менен Румыния чектешкен Видин шаарына алып барып камашкан. Марина Стефенс АКШ менен Канаданын элчиликтерине кайрылып, жолдошун бошотууну суранууда.

68 жаштагы Леонард Хоменюк 2004-2008-жылдары "Центерра голд" компаниясын башкарып турган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча күнөөлөп, издөөгө алган.(BCh)

XS
SM
MD
LG